> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Финансы министрлиги быйыл бюджетке 47.5 млрд сом каражат тартууну көздөөдө
- URL: https://im.kg/all/2022/03/31/finansy-ministrligi-byjyl-bjudzhetke-47-5-mlrd-som-karyz-aluunu-k-zd-d/
- Published: 2022-03-31T15:39:13.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:45.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылга бекитилген бюджеттин алкагында Финансы министрлиги бюджетке 47.5 млрд сом өлчөмүндө карыздык каражаттарды тартууну көздөөдө. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы [билдирди](http://minfin.kg/ru/novosti/novosti/plan-vneshnego-i-vnutrennego-zaimstvovaniya-na-202).**

Белгиленгендей, бул сумма үч багыттан алынат:

- Мамлекеттик инвестициялык долбоорлор. 2022-жылы мамлекеттик инвестицияларды бюджеттен тышкы булактардын эсебинен каржылоонун көлөмү **21.9 млрд сомду** түзөт
- Программалык (бюджеттик) жардамдардын алкагында, Дүйнөлүк банктан жана башка донорлордон **9.9 млрд сом** кредиттик каражаттарды алуу күтүлүүдө
- Мамлекеттик баалуу кагаздар. 2022-жылы бюджетте мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруудан **15.6 млрд сом** өлчөмүндө каражат алуу пландаштырылууда.