> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан Германияга болгон тышкы карызын 15 млн еврого кыскартууну көздөөдө
- URL: https://im.kg/all/2022/03/31/kyrgyzstan-germaniyaga-bolgon-tyshky-karyzyn-15-mln-evrogo-kyskartuunu-k-zd-d/
- Published: 2022-03-31T14:14:22.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:45.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстан Германияга болгон тышкы карызын кыскартууну көздөөдө. Бул тууралуу КРнын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаевдин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен болгон жолугушуусунда айтылганын элчиликтин басма сөз кызматы [билдирди](https://www.facebook.com/kgembassyde/posts/1232683263928479).** 

Жолугушууда кыргыз-герман кызматташтыгын жигердетүү, анын ичинде соода-экономикалык жана инвестициялык жааттардагы маселелер талкууланган.

Ошондой эле жаңыдан түзүлгөн Кыргыз-Герман Ишкелер Кеңешинин биринчи отурумун жана 2022-жылдын июнь айында Бишкекте боло турган кыргыз-герман бизнес-форумун өткөрүү сүйлөшүлгөн. 

> «Ошону менен бирге, Кыргызстандын Германияга болгон тышкы карызын кыскартуу максатында, карыздын **14.9 млн евро** көлөмүндөгү каражатты герман тарапка кайрып бербестен, Кыргызстандын социалдык-экономикалык тармактардагы долбоорлоруна колдонуу маселеси герман тарап менен талкууланып жатканы баяндалды», – деп айтылат билдирүүдө.

Андан тышкары, Европа Бирикмесинин жалпы артыкчылык системасын (ВСП+) кыргызстандын ишкерлери толук кандуу колдоно албай жатканын баса белгиленип, герман инвестицияларын Кыргызстанда тиешелүү лаборатория курууга тартуу маселеси Элчи Өмүрбек Текебаев тарабынан демилгеленди.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/03/tekebaev1-1024x681.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/03/tekebaev1.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/03/tekebaev2-1024x682.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/03/tekebaev2.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/03/tekebaev3-1024x681.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/03/tekebaev3.jpg)