> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жаңыдан түзүлгөн Кыргыз-Герман Ишкерлер Кеңешин да Акылбек Жапаров жетектейт
- URL: https://im.kg/all/2022/03/31/zha-ydan-t-z-lg-n-kyrgyz-german-ishkeler-ke-eshin-da-akylbek-zhaparov-zhetektejt/
- Published: 2022-03-31T14:04:36.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:45.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**КР ТИМдин берген [маалыматтарына](https://mfa.gov.kg/kg/osnovnoe-menyu/press-sluzhba/prikreplennye-novosti/sostoyalas-vstrecha-ministra-inostrannyh-del-kyrgyzskoy-respubliki-ruslana-kazakbaeva-s--zamestitelem-direktora-mezhdunarodnogo-departamenta-rukovoditelem-gruppy-vneshney-politiki-i-bezopasnosti-vedomstva-federalnogo-kanclera-frg-kristianom-aulbahom?fbclid=IwAR1NZ2naAcNs9LUcR8IxiK5L-8Up-%5F61okogSaLVH26z-7rW7qKWvgZUqmU) ылайык, жаңыдан түзүлгөн Кыргыз-Герман Ишкерлер Кеңешин да Акылбек Жапаров жетектейт.** 

КРнын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев кечээ, 30-мартта Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугуп, жолугушууда кыргыз-герман кызматташтыгын жигердетүү, анын ичинде соода-экономикалык жана инвестициялык жааттардагы маселелерди талкуулашканын КРнын Германиядагы элчилиги[ кабарлады](https://www.facebook.com/kgembassyde/posts/1232636770599795). 

> «Айрыкча, жаңыдан түзүлгөн Кыргыз-Герман Ишкерлер Кеңешинин биринчи отурумун жана 2022-жылдын июнь айында Бишкекте боло турган кыргыз-герман бизнес-форумун өткөрүү сүйлөшүлдү.

> Кыргыз-Германия ишкерлер кеңешинин түзүлүшү оң жагына белгиленип, анын кыргыз бөлүгүн КРнын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жетектеди», – деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, бүгүн эле Акылбек Жапаров Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңешти жетектегени [тууралуу маалымдалган](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/03/31/akylbek-zhaparov-makroekonomikalyk-zhana-investiciyalyk-sayasat-bojuncha-koordinaciyalyk-ke-eshti-zhetektedi/).