> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Айыл Банктын» директорлор кеңешинин эки мүчөсү мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотулду
- URL: https://im.kg/all/2022/04/01/ajyl-banktyn-direktorlor-ke-eshinin-eki-m-ch-s-m-n-t-n-n-murda-kyzmatynan-boshotuldu/
- Published: 2022-04-01T10:10:13.000Z
- Updated: 2023-05-30T06:03:00.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Айыл Банк» ААКтын директорлор кеңешинин эки мүчөсүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы (КФБ) билдирди.**

КФБнын берген маалыматына ылайык, акционерлердин жылдык жалпы жыйынында директорлор кеңешинин төрагасы **Малабек Токтоболотовдун** жана директорлор кеңешинин мүчөсү **Адилет Жакыбалиевдин** ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечими кабыл алынган.

Ошондой эле кеңешке **Назгүл Алакова** менен **Нурай Марс** шайланганы маалым болду.

> «Айыл Банктын» директорлор кеңешинин чечими менен башкармалыктын төрагасы болуп Абдрашев Нургазы Акунжанович шайланды», – деп айтылат маалыматта.