> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Айыл чарба тармагын насыялоого «Айыл банкка» 272 млн сом берилди
- URL: https://im.kg/all/2022/04/01/ajyl-charba-tarmagyn-nasyyaloogo-ajyl-bankka-272-mln-som-berildi/
- Published: 2022-04-01T14:41:35.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:44.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**КРнын Улуттук банкына топтолгон 271.7 млн сом кайтарымдуу финансы каражаттары «Айыл банк» ААКга өткөрүлүп берилди. Тийиштүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун кабинеттин маалымат кызматы билдирди.**

Кабыл алынган чечимдин алкагында, Финансы министрлигине «Айыл банк» ААК менен тийиштүү карыз милдеттенмесин түзүү тапшырылган.

> «Айыл банк» алынган финансы каражаттарын **айыл чарба субъекттерине** жана **кайра иштетүүчү ишканаларга айыл чарба, сугат техникаларын, машиналарды** жана **жабдууларды лизингге алууга 7 жылга чейинки мөөнөткө**, улуттук валютада **жылына 6% менен** берүү үчүн багыттоосу сунушталган. 

Белгилесек, өткөн жылдын соңунда «Айыл Банк» ААК коомуна айыл чарба, кайра иштетүүчү техникаларды, жаадыргыч машиналарды жана тамчылатып сугаруу үчүн жабдууларды лизингге берүүгө кредиттик линия ачуу үчүн **426.6 млн сом** бөлүнгөн.