> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КР 9 жылда айыл чарбасын насыялоого 50 млрд сом жумшады
- URL: https://im.kg/all/2022/04/01/kr-9-zhylda-ajyl-charbasyn-nasyyaloogo-50-mlrd-som-zhumshady/
- Published: 2022-04-01T10:57:12.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:45.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2013-жылдан тартып КРнын өкмөтү «Айыл чарбасын каржылоо» долбоорунун циклин ишке ашырып келет жана ушул 9 жылда бийлик бул тармакты насыялоого 48 млрд 26 млн сом жумшаган. Мындай сумма Финансы министрлигинин маалыматтарында айтылат.** 

Бул долбоор башталгандан тартып **115 194** чарбалык субъектилерге **48.2** млрд сом суммасына насыя берилген, анын ичинде: 

- **«Мал чарбачылык»** тармагы боюнча 31.53 млрд сом суммасына 93 028 субъект, ал насыя берүүнүн жалпы көлөмүнөн **65%ын** түзгөн
- **«Өсүмдүк өстүрүүчүлүк»** тармагы боюнча 6.96 млрд сом суммасына 20 052 субъект, ал насыя берүүнүн жалпы көлөмүнөн **14%ын** түзгөн
- **«Айыл чарба өндүрүмүн кайра иштетүү»** тармагы боюнча 9.76 млрд сом суммасына 2 114 субъект, ал насыя берүүнүн жалпы көлөмүнөн **21%ын** түзгөн.

«Айыл чарбасын каржылоо» долбоорун ишке ашырууну улантуу максатында Министрлер Кабинети «АЧК-10» долбоорун бекиткен. 

> «Бул долбоорду ишке ашырууга республиканын 8 коммерциялык банкы катышууда, аларды насыялоонун көлөмү **4.9** млрд сом суммасын түзүүдө», – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, айыл чарба тармагына колдоо көрсөтүлүп келген менен Кыргызстан азык-түлүк менен өзүн камсыз кылууда 70% импорттон көз каранды. Бир эле мисал Кыргызстан буудайдын 57%ын Россиядан, 40%ын Казакстандан ташып келет. Ал эми кумшекерге болгон орточо жылдык керектөө 100-110 миң тонна болсо, ички өндүрүш керектөөнүн [50ын гана жабат](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/11/22/krnyn-kumshekeri-lk-n-n-kerekt-s-n-n-50-yn-gana-kamsyzdajt/). Өлкөнүн керектөөсүн толук камсыздоо үчүн кумшекер Россиядан, Белоруссиядан, Украинадан, Казакстандан жана башка өлкөлөрдөн алынып келинет.