> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мамлекеттик ипотекалык компания быйыл 1435 батир курууну пландап жатат
- URL: https://im.kg/all/2022/04/01/mamlekettik-ipotekalyk-kompaniya-byjyl-1435-batir-kuruunu-plandap-zhatat/
- Published: 2022-04-01T13:06:51.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:44.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Мамлекеттик ипотекалык компания быйыл 1435 батир курууну пландап жатат.** **Бул тууралуу «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКтын төрайымы Аида Төлөгөнөва «Ишеним» фракциясынын [жыйынында](https://www.youtube.com/watch?v=QzS4rG1vMTE) билдирди.** 

Анын айтымында, программанын алкагында жарандарды 5 жылда 15 миңден кем эмес үй менен камсыз кылуу планы коюлган. Ошондой эле 2021-жылы 1 млрд 600 млн сом өлчөмүндө 732 кредит берилген. 

> «2022-жылы болсо 93 миң 484 чарчы аянт, тагыраак айтканда, 1435 батирди Бишкек, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Кара-Кол, Нарын, Кара-Балтада курууну пландап жатабыз. 3 млрд 580 млн сом насыя берилет деп пландаштырылууда», – деди Төлөгөнөва.

Ошондой эле МИКтин төрайымы Бишкек мэриясы менен жер тилкелерин алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын жана инвесторлор келип жатканын кошумчалады.