> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Украинадагы согушка байланыштуу Кыргызстандын экономикасынын өсүү болжолу 4%га төмөн болушу мүмкүн – ЕРӨБ
- URL: https://im.kg/all/2022/04/01/ukrainadagy-sogushka-bajlanyshtuu-kyrgyzstandyn-ekonomikasynyn-s-bolzholu-4-ga-t-m-n-bolushu-m-mk-n-er-b/
- Published: 2022-04-01T15:07:18.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:48:25.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Украинадагы согушка байланыштуу Кыргызстандын экономикасынын өсүү болжолун 4%га төмөн болоорун билдирди. Бул тууралуу ЕРӨБдүн акыркы макроэкономикалык отчетунда айтылат.**

Жылдын акырына чейин республиканын ИДПсынын өсүшү 1%ды гана түзөрү күтүлүүдө. Ошол эле учурда Moody’s эл аралык рейтинг жүргүзүүчү агенттиги да 1% төмөндөө болорун [болжолдоодо](http://localhost/info-portal/novosti/2022/03/26/vvp-kyrgyzstana-v-2022-godu-sostavit-1-prognoz-moody-s/).

> «КР жок дегенде расмий көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө жагдайда болушу мүмкүн. 2022-жылдын январында өлкөдө салыктык жана бажылык башкаруу боюнча масштабдуу реформалар жүргүзүлдү, бул мыйзамсыз сооданын жана формалдуу эмес экономикалык ишмердүүлүктүн кыскарышына алып келиши мүмкүн», – деп айтылат маалыматта.

ЕРӨБ Кытайдын КРга экспорттоо боюнча маалыматтары Кыргызстан расмий берген маалыматтардан дайыма **5-6 млрд долларга жогору** болоорун белгиледи.

> «Жүргүзүлүп жаткан реформалар аткезчиликти ооздуктоодо жарым-жартылай ийгиликтүү болду деп эсептесек, КРда жакынкы бир нече жылда фискалдык кирешелердин жана ИДПнын расмий көрсөткүчтөрүнүн олуттуу өсүшү байкалатн байкайт», – деп айтылат докладда.

Бирок ЕРӨБ парадоксалдуу түрдө, иш жүзүндөгү кирешелерге таасири соода көлөмүнүн төмөндөшүнөн улам терс болушу мүмкүн экендигин белгилейт.