> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк доллардын курсун текшилөө үчүн экинчи интервенцияны жасады – банктардан 14.5 млн доллар сатып алды
- URL: https://im.kg/all/2022/04/01/uluttuk-bank-dollardyn-kursun-tekshil-ch-n-ekinchi-intervenciyany-zhasady-banktardan-14-5-mln-dollar-satyp-aldy/
- Published: 2022-04-01T12:04:19.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:46:46.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Улуттук банк кечээ, 31-мартта 14.5 млн доллар өлчөмүндөгү чет өлкө валютасын сатып алуу боюнча экинчи жолу валюталык интервенция жүргүздү. Бул тууралуу регулятордун [сайтында](https://www.nbkr.kg/index1.jsp?item=114&lang=RUS) айтылат.** 

6.8 млн долларды сатып алуу бүтүм түзүлгөн күнү эсептешүү менен ишке ашырылган. Улуттук банк дагы 7.7 млн долларды кийинчерээк алат – бул бүтүмдөр интервенция жасалган күндөн башка датага карата түзүлгөн.

> Эскерте кетсек, 30-мартта дагы Улуттук банк валюта рыногуна чыгып, долларды сатып алуу боюнча интервенция жасап, анда банктардан [5.4 млн доллар сатып алган](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/03/31/dollardyn-kursun-tekshil-maksatynda-uluttuk-bank-valjuta-rynogunan-5-4-mln-dollar-satyp-aldy/) болчу. 

Белгилей кетсек, Улуттук банк акыркы төрт жылдан бери биринчи жолу чет элдик валютаны сатып алуу боюнча тетири (адатта сатчу) интервенция жүргүздү. Акыркы жолу 2018-жылдын февраль айында регулятор 5.5 млн доллар сатып алган. Ал кезде доллардын расмий курсу 68.2 сомду түзүп турган.