> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «А Плюс» камсыздандыруу компаниясы «ФинансКредитБанкты» кошумча 80 млн сомго капиталдаштырат
- URL: https://im.kg/all/2022/04/04/a-pljus-kamsyzdandyruu-kompaniyasy-finanskreditbankty-koshumcha-80-mln-somgo-kapitaldashtyrat/
- Published: 2022-04-04T10:32:31.000Z
- Updated: 2023-05-30T06:01:23.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«ФинансКредитБанк» ААКтын негизги акционери болгон «А Плюс» камсыздандыруу компаниясы банкты кошумча 80 млн сомго капиталдаштырмакчы. Мындай чечим 30-мартта «ФинансКредитБанктын» акционерлеринин жылдык жалпы чогулушунда кабыл алынды.**

Жөнөкөй акциялардын жеке эмиссиясынын натыйжасында банктын уставдык капиталы **790 млн сомго** чейин көбөйөт.

Акциялар 2023-жылдын 31-мартына чейин жабык жазылуу жолу менен жайгаштырылат. Баалуу кагаздардын бирден-бир сатып алуучусу болуп КК «А Плюс» ЖАК аныкталган.

> Кошумча капиталдаштыруудан тышкары, «ФинансКредитБанктын» акционерлеринин жылдык чогулушунда банктын 2021-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча **7 млн 307 миң сом** өлчөмүндөгү **чыгымы** белгиленген.

Ошондой эле акционерлердин жыйынында «ФинансКредитБанктын» 2022-жылга финансылык отчетунун тышкы аудитору болуп **«Кыргызаудит»** компаниясы бекитилди.