> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Дыйкандарга 300 миң сомго чейин күрөөсүз шартта насыялар берилет
- URL: https://im.kg/all/2022/04/04/dyjkandarga-300-mi-somgo-chejin-k-r-s-z-shartta-nasylar-berilet/
- Published: 2022-04-04T08:30:00.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:11.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бул жылы дыйкандар күрөөсүз шартта 300 миң сомго чейин насыя ала алышат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тамак-аш, кайра иштетүү өнөр жайы жана транспорт-логистика тармагында иштеген ишкерлер менен жолугушуу учурунда айтылды.**

Жолугушууда тараптар айыл чарбасындагы учурдагы абалды жана ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн экспорттук мүмкүндүктөрүн талкуулашты.

Буга чейин долбоорду ишке ашыруу үчүн Финансы министрлиги тарабынан **«Айыл Банк»** ААКты капиталдаштырууга – **5.5 млрд сом** жана **«РСК банкка» 4.5 млрд сом** бөлүнгөн.

> Бул каражаттардын эсебинен фермердик чарбаларга, жеке ишкерлерге жана жеке жактарга: **36 айга чейин** (күрөөсүз шартта) – **300 миң сомго чейин** жана 36 айга чейин (күрөө менен камсыздоо шартында) 500 миң сомго чейин кредиттер берилет.

Жылдык жүгүртүүсү **1 млн сомдон ашкан** фермердик чарбаларга жылдык **6% менен 36 айга чейин 5 млн сомго** чейинки кредит берилиши мүмкүн.

Кластердин агрегаторлору (тамак-аш, кайра иштетүү өнөр жай ишканалары жана соода-логистикалык борборлор), үрөнчүлүк, асыл тукум чарбалар жана мөмө-жемиш питомниктери, ошондой эле жаңыдан түзүлгөн тамак-аш өнөр жай ишканаларынын бардык кластерлери үчүн 60 айга чейин төлөө мөөнөтү менен 150 млн сомго чейинки кредиттер берилет. 

> Бул каражаттар күрөө менен камсыздоого негизги каражаттарды жана жүгүртүү каражаттарын сатып алууга жумшалышы мүмкүн. Айыл чарба техникасын лизингге берүү үчүн 10%дан кем эмес жана айыл чарба жабдууларын лизингге берүү үчүн 30%дан кем эмес баштапкы төлөм шарты менен 60 айга чейинки мөөнөткө кредит берилет.