> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Кайыңды-Кант» кумшекер чыгарган заводдун акционерлери 123 млн сомдон дивиденд алышат
- URL: https://im.kg/all/2022/04/04/kajy-dy-kant-kumsheker-chygargan-zavoddun-akcionerleri-123-mln-somdon-dividend-alyshat/
- Published: 2022-04-04T14:45:26.000Z
- Updated: 2023-05-30T06:15:45.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Кайыңды-Кант» кант заводунун акционерлери 2021-жылы 122 млн 625 миң сомдон дивиденд алышат. Бул тууралуу маалымат заводдун акционерлеринин 31-мартта өткөн жылдык жалпы чогулушунун жыйынтыгында айтылды.**

Акционерлердин чогулушунда башка маселелер менен катар 2021-жылга **490 млн 498 миң сомду** түзгөн пайданы бөлүштүрүү боюнча чечим кабыл алынды.

> **367 млн 874 миң сом** өлчөмүндөгү пайданын басымдуу бөлүгүн (75%) заводдун карамагында калтыруу чечими кабыл алынган.

Таза пайданын калган 25%ы акционерлерге дивиденддерди төлөөгө жумшалат – бул **122 млн 625 миң сомду** түзөт. Бир акцияга дивиденддин суммасы 52.8 сомду түздү.

---

Белгилей кетсек, «Кайыңды-Кант» ААКтын маалыматы боюнча 872 адам компаниянын акционерлери болуп саналат. 5%дан ашык үлүшү бар акционерлер жөнүндө маалыматтар акционердик коомдун отчетунда көрсөтүлбөйт.