> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда доллардын курсу 84-86 сомду түздү
- URL: https://im.kg/all/2022/04/04/kyrgyzstanda-dollardyn-kursu-84-86-somdu-t-zd/
- Published: 2022-04-04T10:06:18.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:44.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда доллардын курсу 84-86 сомду түздү. Бүгүн, 4-апрель күнү эртең менен Бишкектеги акча алмаштыруучу жайлар жана банктар америкалык валютаны орто эсеп менен 84 сомдон сатып алып, 86 сомдон сатууда.**

> Саат 09:30га карата [valuta.kg](http://valuta.kg/) сайтынын маалыматы боюнча, Моссоветтеги акча алмаштыруучу жайларда доллардын баасы орто эсеп менен сатып алуу – **84.5 сомду**, сатуу – **86 сомду** түзүүдө.

Дээрлик бардык коммерциялык банктар сатып алуу курсун бирдей деңгээлде кармап турушат – 1 доллар/84 сом, ал эми сатуу курсу – 1 доллар/86 сом.

Улуттук банктын 4-апрелге карата расмий курсу 81.52 сомду (-1.14%) түздү.