> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Манас» аэропорту жазгы-жайкы графикке өттү. Кайсы өлкөлөргө учса болот?
- URL: https://im.kg/all/2022/04/04/manas-aeroportu-zhazgy-zhajky-grafikke-tt-kajsy-lk-l-rg-uchsa-bolot/
- Published: 2022-04-04T11:48:34.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:44.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Манас» эл аралык аэропорту жазгы-жайкы график менен иштей баштады. Жаңы график 2022-жылдын 27-мартынан баштап 29-октябрына чейин созулат. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматы билдирди.**

Жаңыланган графикке ылайык, Бишкектен түз аба каттамдары дүйнөнүн сегиз өлкөсүнүн 18 шаарына, ошондой эле жакында эле Раззаков шаары деп өзгөртүлгөн Исфана, Ош, Баткен, Жалал-Абад шаарларына ички алты каттам аткарылат.

**Багыттар боюнча:**

**Казакстан**

- Алматы – Бишкек – Алматы. «Эйр Астана» авиакомпаниясы, күн сайын
- Түркстан – Бишкек – Түркстан. «Флай Арыстан» авиакомпаниясы, дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү
- Нур-Султан – Бишкек – Нур-Султан. «Эйр Астана» авиакомпаниясы, бейшемби, жума жана жекшемби күндөрү;

**Өзбекстан**

- Ташкент – Бишкек – Ташкент. «Өзбекстан аба жолдору» авиакомпаниясы, дүйшөмбү, бейшемби, ишемби күндөрү.

**Түркия**

- Стамбул – Бишкек. «Түрк аба жолдору» авиакомпаниясы, күн сайын
- Стамбул – Бишкек – Бишкек. «Пегасус Эйрлайнз» авиакомпаниясы, жумасына 14 каттам
- Анталия – Бишкек – Анталия. «Пегасус Эйрлайнз» авиакомпаниясы, дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, бейшемби, ишемби күндөрү.

**БАЭ**

- Дубай – Бишкек – Дубай. «Флай Дубай» авиакомпаниясы, күн сайын
- Шарджа – Бишкек – Шарджа. «Эйр Арабия» авиакомпаниясы, шаршемби, жума, ишемби, жекшемби күндөрү.

**Кувейт:**

- Кувейт – Бишкек – Кувейт. «Аль-Жазира» авиакомпаниясы, шаршемби жана жума күндөрү.

**Монголия:** 

- Улан-Батор – Бишкек – Улан-Батор. «Хунну Эйр» авиакомпаниясы, ишемби күндөрү.

**Иран:** 

Мешхед – Бишкек-Мешхед. «Вареш Эйрлайнз», авиакомпаниясы, бейшемби күндөрү.

**Россия (өзгөрүүлөр болушу мүмкүн):**

- Москва – Бишкек – Москва. «Аэрофлот» авиакомпаниясы, жумасына 14 каттам
- Москва – Бишкек – Москва. «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы, күн сайын
- Бишкек – Москва – Бишкек. «АвиаТраффикКомпани» авиакомпаниясы, күн сайын
- Екатеринбург – Бишкек – Екатеринбург. «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы, шаршемби күнү
- Новосибирск – Бишкек – Новосибирск. «Сибирь» авиакомпаниясы, күн сайын
- Бишкек – Новосибирск – Бишкек. «АвиаТраффик Компани» авиакомпаниясы, шейшемби, жума күндөрү
- Бишкек – Иркутск – Бишкек. «АвиаТраффик Компани» авиакомпаниясы, бейшемби күнү
- Бишкек – Казань – Бишкек. «АвиаТраффик Компани» авиакомпаниясы, дүйшөмбү күнү
- Бишкек – Красноярск – Бишкек. «АвиаТраффикКомпани» авиакомпаниясы, шейшемби күнү
- Самара – Бишкек – Казань. «Северный ветер» авиакомпаниясы, жумасына 2 жолу
- Казань-Бишкек-Самара. «Северный ветер» авиакомпаниясы, жумасына 2 жолу.

**Ички авиакаттамдар**

- Бишкек – Ош – Бишкек. «АвиаТраффикКомпани» авиакомпаниясы, күнүнө 2 каттам
- Бишкек – Ош – Бишкек. «Эйр Манас» авиакомпаниясы, күн сайын
- Бишкек – Ош – Бишкек. «Тез Джет» авиакомпаниясы, күнүнө 5 каттам
- Бишкек – Баткен – Бишкек. «Тез Джет» авиакомпаниясы, жумасына 1 каттам
- Бишкек – Жалал-Абад – Бишкек. «Тез Джет» авиакомпаниясы, жумасына 3 каттам
- Бишкек – Исфана – Бишкек. «Тез Джет» авиакомпаниясы, жумасына 1 каттам.