> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто контрафакттык тамеки жана алкоголдук суусундуктар сатылган жай табылды
- URL: https://im.kg/all/2022/04/04/oshto-kontrafakttyk-tameki-zhana-alkogolduk-suusunduktar-satylgan-zhaj-tabyldy/
- Published: 2022-04-04T10:00:00.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:11.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Ош шаарынын аймагында ар кандай аталыштагы жана маркадагы контрафакттык алкоголдук продукциялардын жана контрабандалык тамекилердин сатылышына бөгөт коюшканын МСКнын маалымат кызматы билдирди.**

«Шоколад» базарынын аймагында жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө жергиликтүү алкоголдук өндүрүүчүлөрдүн (АЮ, Кыргыз конягы, Семетей ж.б.) кустардык өндүрүштөгү алкоголдук продукциясын сактоо, сатуу фактысы аныкталган.

> Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 600дөн ашык бөтөлкө алкоголдук продукция жана 266 таңгак тамеки тартып алынды.

Ишкерлерге карата КРнын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.