> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк төрт акча алмаштыруу жайына 55 миң сомдон айып салды
- URL: https://im.kg/all/2022/04/04/uluttuk-bank-t-rt-akcha-almashtyruu-zhajyna-55-mi-somdon-ajyp-saldy/
- Published: 2022-04-04T17:59:42.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:44.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Улуттук банк төрт акча алмаштырчу жайга 55 миң сомдон айып пул салды. Бул тууралуу регулятордун маалымат кызматы кабарлады.**

> Айып пулдар акча алмаштыруучу жайларга «КРнын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн» салынган. Бирок кандай бузуулар экенин жөнгө салуучу так билдирген жок.

Эске салсак, Улуттук банк акыркы эки жарым жумада 20дан ашык бюролорду айыпка жыкты.