> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек шаардык Биринчи Май РИИБнин тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды
- URL: https://im.kg/all/2022/04/05/bishkek-shaardyk-birinchi-maj-riibnin-terg-ch-s-para-alyp-zhatkan-zherinen-karmaldy/
- Published: 2022-04-05T15:09:12.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:43.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**УКМКнын маалымат кызматы Бишкек шаардык Биринчи Май РИИБнин тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалганын кабарлады.** 

Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында **85 миң сом** өлчөмүндө пара алып жаткан учурда Биринчи Май районунун ИИБнын Тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын капитаны А.Д.Б. кармалган.

> «Биринчи Май РИИБнин тергөөчүсү сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн 2000 АКШ доллары өлчөмүндө пара талап кылып жаткандыгы боюнча УКМКга М.Г.В. аттуу жаран кайрылган. Кармалган тергөөчү УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат», – деп айтылат маалыматта.