> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# IT тармагындагы адистерге вакансиялар  94%га өстү – HeadHunter
- URL: https://im.kg/all/2022/04/05/it-tarmagyndagy-adisterge-vakansiyalar-94-ga-st/
- Published: 2022-04-05T12:29:22.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:43.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**IT чөйрөсүндөгү сунуштар бир жыл ичинде 17%га, ал эми вакансиялар 94%га өстү. Мындай көрсөткүчтү HeadHunter ([headhunter.kg](https://bishkek.headhunter.kg/)) сайтта жайгаштырылган иш берүүчүлөрдөн келген вакансияларга жүргүзүлгөн анализинин негизинде билдирди.** 

> Кыргызстанда IT адистерине суроо-талап күч алууда. HeadHunter берген маалыматка ылайык, бул тармакта 2021-жылы вакансиялардын саны 2020-жылга салыштырмалуу **94%га** өскөн. 

Эң көп талап кылынган адистиктер программалоо жана иштеп чыгуу (54%), инженерия (23%), системалык башкаруу (20%), веб-мастерлер (17%) жана веб-инженерия (15%) болгон.

Сунушталган айлык маяналардын да суммасы өскөн (өткөн жылга салыштырмалуу + 17%). 2022-жылдын март айына карата IT адистерине сунушталган эмгек акы орточо эсеп менен 45 миң сом болууда. Эмгек акылардын өтө жогорку темп менен өсүп жатканы (өткөн жылга салыштырмалуу + 75%) да байкалууда.

> «Адистер да квалификациялуу адистер суроо-талапка ээ экенин сезип, айлык акынын диапазонун өздөрү белгилешүүдө. Алдыда иш берүүчүлөр өз компаниясына мыкты IT адистерин алуу үчүн, эмгек акынын чегин жогорулатышы керек болот», – дейт HeadHunter.

***Кошумча окуңуз:*** [Кыргызстандагы 2021-жылдын топ-10 популярдуу кесиби – HeadHunter](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/01/14/kyrgyzstandagy-2021-zhyldyn-top-10-populyarduu-kesibi-headhunter/)