> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Нургүл Сатарова «Бакай Банктын» төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды
- URL: https://im.kg/all/2022/04/05/nurg-l-satarova-bakaj-banktyn-t-ragasynyn-mildetin-atkaruuchu-bolup-dajyndaldy/
- Published: 2022-04-05T15:23:59.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:43.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Нургүл Сатарова 4-апрелден тарта «Бакай Банк» ААК башкармалыгынын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын (КФБ) басма сөз кызматы билдирди.**

Мындай чечимди банктын директорлор кеңеши кабыл алган. Эске салсак, 29-мартта банктын башкармалыгынын экс-төрагасы Оксана Соломконун берген арызына ылайык, анын ыйгарым укуктары [мөөнөтүнөн мурда токтотулган](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/03/31/bakaj-bank-bashkarmalygynyn-zhetekchisi-oksana-solomko-m-n-t-n-n-murda-kyzmatynan-boshotuldu/).