> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Россия ЕАЭБ өлкөлөрүнө буудай жана дан экспорттоого мурда киргизилген тыюу салууну алып салды
- URL: https://im.kg/all/2022/04/05/rossiya-eaeb-lk-l-r-n-buudaj-zhana-dan-eksporttoogo-tyjuu-saluunu-alyp-saldy/
- Published: 2022-04-05T11:47:20.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:15:35.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**РФнын өкмөтү Евразия экономикалык биримдигинине** (**ЕАЭБ) кирген өлкөлөргө буудай жана дан эгиндерин экспорттоого киргизилген тыюу салууну алып салды. Бул тууралуу КР Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.**

Министрликтин берген маалыматына ылайык, төмөндөгү дан азыктарын кайрадан импорттоп баштаганга болот. 

- буудай жана меслин
- кара буудай үрөнү
- арпа
- жүгөрү

Эскерте кетсек, мурдараак Россия (ЕАЭБ) өнөктөш өлкөлөрүнө дан эгиндерин (буудай, кара буудай, арпа жана жүгөрү) жана кантты экспорттоого убактылуу тыюу салган болчу. «Чечимдер өлкөнүн **азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган** жана азыркы шарттарда ички рынокту коргоого жардам берет», – деп түшүндүргөн эле РФнын Экономика министрлигинин өкүлү.