> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Улуу көчмөндөр мурасы» холдингинин уставдык капиталы 800 млн сомго көбөйтүлдү
- URL: https://im.kg/all/2022/04/05/uluu-k-chm-nd-r-murasy-holdinginin-ustavdyk-kapitaly-800-mln-somgo-k-b-jt-ld/
- Published: 2022-04-05T16:25:20.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:43.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинин уставдык капиталы дагы 800 млн сомго көбөйтүлдү. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын (КФБ) маалыматы тастыктайт.**

> Өткөн соода жумасында улуттук холдинг 100 сомдук номиналдык баада 2-чыгарылыштагы акцияларын жайгаштырган. Аны баалуу кагаздардын биринчи жана жалгыз акционери болгон, холдингдин уставдык капиталын жыл аягына чейин **1 млрд сомго** чейин көтөрүүгө [милдеттендирилген](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/02/22/uluu-k-chm-nd-rd-n-murasy-holdinginin-ustavdyk-kapitalyn-1-mlrd-somgo-chejin-zhetkir-tapshyryldy/) Финансы министрлиги сатып алган.

Бул бүтүм КФБ боюнча жалпы соода көлөмүнүн дээрлик 61%ын ээлеп, жуманын эң ири соодасы болду.