> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Айыл Банктын» башкармалыгына үч жаңы мүчө шайланды
- URL: https://im.kg/all/2022/04/06/ajyl-banktyn-bashkarmalygyna-ch-zha-y-m-ch-shajlandy/
- Published: 2022-04-06T14:06:33.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:43.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Айыл Банктын» башкармалыгынын курамына үч жаңы мүчө шайланды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.**

Белгиленгендей, директорлор кеңешинин чечими менен башкармалыктын мүчөсү, башкармалыктын төрагасынын орун басары Б.Р. **Асанбаевдин** жана Ч.К. **Сатылганованын** ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган. 

Анын ордуна директорлор кеңешине төмөндөгү талапкерлер шайланышты:

- Норузбаев Жанар Жолдошбекович
- Эржанов Максат Советбекович
- Турбатова Диана Радмировна.

Ошондой эле буга чейин аталган банктын акционерлеринин жылдык жалпы жыйынында директорлор кеңешинин төрагасы **Малабек Токтоболотовдун** жана директорлор кеңешинин мүчөсү **Адилет Жакыбалиевдин** ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, кеңешке **Назгүл Алакова** менен **Нурай Марс** шайланганы [маалым болгон](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/04/01/ajyl-banktyn-direktorlor-ke-eshinin-eki-m-ch-s-m-n-t-n-n-murda-kyzmatynan-boshotuldu/) эле.