> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бүгүнкү күндө республика боюнча 45 миң ККМ колдонулууда
- URL: https://im.kg/all/2022/04/06/b-g-nk-k-nd-respublika-bojuncha-45-mi-kkm-koldonuluuda/
- Published: 2022-04-06T16:54:57.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:43.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүнкү күндө республика боюнча 45 миң 35 контролдук-кассалык машина (ККМ) колдонулууда. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы боюнча кеңешмеде Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов билдирди.**

Абдувапов билдиргендей, 2022-жылдын I кварталы үчүн салык чогултуу белгиленген планга карата –103.2%га, же 1 млрд 125.9 млн сомго ашыкча аткарылган. 

> «2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар 14 млрд 640,5 млн сомго көп чогултулуп, же өсүү темпи 167.3%ды түздү. ККМди ишке киргизүүгө токтолсок, бүгүнкү күндө республика боюнча **45 миң 35 ККМ колдонулууда**, анын ичинде **22 миң 173** даанасы – **аппараттык-кассалык** машиналар жана **22 миң 862** даанасы – **программалык** кассалык машиналар», – деди ал.