> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Депутат башка алтын кендер менен келишимдерди карап чыгып, мамлекеттин 30%дык үлүшүн киргизүүнү сунуштады
- URL: https://im.kg/all/2022/04/06/deputat-bashka-altyn-kender-menen-kelishimderdi-karap-chygyp-mamlekettin-30-dyk-l-sh-n-kirgiz-n-sunushtady/
- Published: 2022-04-06T11:23:04.000Z
- Updated: 2023-05-31T03:38:14.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Депутат Жеңишбек Токторбаев бүгүн, 6-апрелдеги Жогорку Кеңештин [жыйынында](https://www.youtube.com/watch?v=ETqQS6eQPxs) КРгы алтын кендердин лицензияларын жана келишимдерди карап чыгууну сунуштады.** 

Эл өкүлү «Каз Минералз Бозымчак» (Бозымчак), «Вертекс Голд Компани» (Жамгыр), «Чаарат Заав» (Чаарат), «Кичи Чаарат» (Куру-Тегерек), «Чаарат Түлкү Баш», «Иштамберди», «Куран Жайлоо» сыяктуу алтын кендери менен сөзсүз түрдө келишимдерди кайра карап чыгуу керектигин айтты.

> «Аларга мамлекеттин 30%дан кем эмес үлүшүн киргизишибиз керек. Мыйзам артка күчү жок деп эле отура беребизби. Биздин элдин байлыгын сыртка тоноп-ташып чыгып кетише береби? Ушул маселени чечүүгө бел байлашыбыз керек», – деди Токторбаев. 

Депутат аталган компаниялардын баарына өзүнүн атынан суроо жөнөткөнүн, кийинки жыйындарда анын жыйынтыгын айтаарын билдирди.