> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эми Бишкектеги калкты тейлөө борборлорунда Соцфонддун кызматтарын пайдаланса болот
- URL: https://im.kg/all/2022/04/06/emi-bishkektegi-kalkty-tejl-borborlorunda-socfonddun-kyzmattaryn-pajdalansa-bolot/
- Published: 2022-04-06T10:05:21.000Z
- Updated: 2023-05-31T07:16:38.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкектеги калкты тейлөө борборлорунда (КТБ) Соцфонддун кызматтарын пайдалануу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.**

Калкка көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасы менен биргеликте пилоттук долбоордун алкагында Бишкек шаарындагы КТБнын базасында **мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу маселелери боюнча** кызмат көрсөтүү иштери башталды.

Бишкек шаарындагы **Биринчи Май, Свердлов, Октябрь** жана **Ленин райондук** КТБ **пенсияны дайындоо** же **кайра эсептөө** жөнүндө **арыздарды кабыл алуу**, **пенсияны төлөө мөөнөтүн узартуу,** пенсияларды **төлөө каналын өзгөртүү**, сөөк коюуга **жөлөкпул алуу**, ошондой эле пенсионерлерге **пенсиянын өлчөмү жөнүндө маалымкат** жана камсыздандырылган адамдардын жеке камсыздандыруу эсебинен (ӨКЭ) көчүрмөсүн берүү каралган.