> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ички валюта рыногунда сунушка караганда суроо-талап жогору – Улуттук банк доллардын курсунун көтөрүлгөнүнө түшүндүрмө берди
- URL: https://im.kg/all/2022/04/06/ichki-valjuta-rynogunda-sunushka-karaganda-suroo-talap-zhogoru-uluttuk-bank-dollardyn-kursunun-k-t-r-lg-n-n-t-sh-nd-rm-berdi/
- Published: 2022-04-06T15:22:42.000Z
- Updated: 2023-05-31T03:58:33.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Улуттук банк учурда доллардын наркынын көтөрүлүп жаткандыгына байланыштуу билдирүү жасады.** 

Анда регулятор өзгөрүлмө алмашуу курсунун учурдагы саясаты алкагында АКШ долларынын сомго карата алмашуу курсу чет өлкө валютасынын суроо-талабына жана сунушуна жараша ички валюта рыногунда эркин түзүлүп жатканын билдирди. 

> «Азыркы учурда ички валюта рыногунда чет өлкө валютасын **сунуштоого караганда, ага карата суроо-талап жогорулап жаткандыгы байкалууда**, **бул көбүнчө психологиялык факторлор жана рыноктун катышуучуларынын күтүүлөрүнө байланыштуу**. 

> Зарылчылыгына жараша, чет өлкө валютасынын алмашуу курсунун кескин өзгөрүлмөлүүлүгүн текшилөө жана валюта рыногундагы туруктуу жагдайды колдоо максатында, Улуттук банк ыкчам кийлигишип, тиешелүү чараларды көрө алат, анткени, жетиштүү ресурстарга жана акча-кредит саясатынын инструменттерине ээ», – дейт УБ. 

Улуттук банктын **эл аралык резервинин көлөмү** 2022-жылдын 5-апрелине карата абал боюнча **2.6 млн долларды түзөт** жана өлкөнүн товарларынын жана кызмат көрсөтүүлөрүнүн импортунун келечектеги көлөмүнүн болжол менен **6 айын жабат**. 

Эскерте кетсек, жыл башынан тартып 5-апрель аралыгында, алмашуу курсунун кескин өзгөрүүлөрүн жөнгө салуу максатында, Улуттук банк **284.30 млн доллар** суммасында чет өлкө валютасын сатуу боюнча **5 интервенция** жана доллар түшө баштаганда **19.90 млн доллар** суммасында сатып алуу боюнча **2 интервенция** жүргүзгөн. Жыйынтыгында таза сатуу 264.40 млн АКШ долларын түзгөн.