> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан өткөн жылы 1 млн тонна көмүрдү сыртка экспорттоп, кайра Казакстандан 650 миң тонна көмүр сатып алган
- URL: https://im.kg/all/2022/04/06/kyrgyzstan-tk-n-zhyly-1-mln-tonna-k-m-rd-syrtka-eksporttop-kajra-kazakstandan-650-mi-tonna-k-m-r-satyp-algan/
- Published: 2022-04-06T14:18:35.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:30:57.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстан өткөн жылы 1 млн тонна көмүрдү сыртка экспорттоп, кайра Казакстандан 650 миң тонна көмүр сатып алган. Бул тууралуу Депутат Жеңишбек Токторбаев бүгүн, 6-апрелдеги Жогорку Кеңештин [жыйынында](https://www.youtube.com/watch?v=ETqQS6eQPxs) билдирди.**

Депутаттын айтымында, 2021-жылы республика боюнча 3 млн тоннага жакын көмүр казылып алынып, анын ичинен **1 млн тоннадан ашыгы сыртка экспорттолгон**. Ошондой эле көмүр казып алуучу ишканалар **бюджетке болгону 600 млн сом** чегеришкен.

Токторбаев 2021-2022-жылдары күз-кыш мезгилдеринде Бишкек ЖЭБге кайрадан **650 миң тонна** көмүрдү Казакстандан **импорттолгонун** айтты.

> «Анын тоннасын 4 миң сомдон сатып алганбыз. Жалпы **2.6 млрд сомду** түзөт, бул **30 млн доллардын** тегерегинде болот. Эгерде Бишкек ЖЭБди көмүр менен өзүбүз камсыз кылсак, 30 млн долларга 2 чоң экскаватор 650 даана жүк ташуучу машина сатып алсак болчудай», – деди ал.