> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда бир суткада доллар 5 сомго көтөрүлдү – комбанктар 95 сомдон сатышууда
- URL: https://im.kg/all/2022/04/06/kyrgyzstanda-bir-sutkada-dollar-5-somgo-k-t-r-ld-kombanktar-95-somdon-satyshuuda/
- Published: 2022-04-06T10:52:29.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:27:26.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда доллардын курсу бир суткада 4-5 сомго көтөрүлдү. Бугүн, 6-апрелде саат 10:45ге карата банктар жана акча алмаштыруу жайлары америкалык валютаны орточо 92.8 сомдон сатып алып, 94.8 сомдон сатышууда.**

Эске салсак, доллар кечээ эле 88.3 сомдон сатылып алынып, 89.9 сомдон сатылып жаткан эле. Ал эми [valuta.kg](http://valuta.kg/) порталы берген маалыматка таянсак, бүгүн эртең менен 1 доллардын сатып алуу **92.8 сомдун** айланасында болсо, сатуу наркы учурда **94.8сомду** түзүүдө. Ошол эле кезде комбанктар **1 долларды 95 сомдон** сатышууда.

Ал эми Улуттук банктын 6-апрелге карата расмий курсу **85.7 сомду** (-0.08%) түздү.

- ![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/04/kurs-6apr.jpg)

- ![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/04/kombanki-kurs-1024x467.jpg)