> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда көмүр кендерине 394 лицензия берилген, анын бирөөсү гана мамлекетке таандык – депутат
- URL: https://im.kg/all/2022/04/06/kyrgyzstanda-k-m-r-kenderine-394-licenziya-berilgen-anyn-bir-s-gana-mamleketke-taandyk-deputat/
- Published: 2022-04-06T11:55:06.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:23:21.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Депутат Жеңишбек Токторбаев бүгүн, 6-апрелдеги Жогорку Кеңештин [жыйынында](https://www.youtube.com/watch?v=ETqQS6eQPxs) Кыргызстанда көмүр кендерине 394 лицензия берилгенин, бирок анын бирөө гана мамлекетке таандык экенин билдирди.** 

Эл өкүлүнүн айтымында, 2022-жылга карата Кыргызстанда **6.5 млрд тонна көмүрдүн запасы** бар. Алардын ичинен **5.2** млрд тоннасы Сүлүктү, Кызыл-Кыя, Шурап, Алмалык жана Кавак көмүр кендеринде жатат. 1 млрд тоннадан ашыгыраагы Өзгөн бассейнинде, ошондой эле Көк-Жаңгак, Тегине, Таш-Көмүрдө. 

2021-жылы республика боюнча 3 млн тоннага жакын көмүр казылып алынып, анын ичинен **1 млн тоннадан ашыгы сыртка экспорттолгон**. Ошондой эле көмүр казып алуучу ишканалар **бюджетке болгону 600 млн сом** чегеришкен. 

Токторбаев 2021-2022-жылдары күз-кыш мезгилдеринде Бишкек ЖЭБге **650 миң тонна** көмүр башка мамлекеттен, Казакстандан **импорттолгонун** айтты.

> «Анын тоннасын 4 миң сомдон сатып алганбыз. Жалпы **2.6 млрд сомду** түзөт, бул **30 млн доллардын** тегерегинде болот. Эгерде Бишкек ЖЭБди көмүр менен өзүбүз камсыз кылсак, 30 млн долларга 2 чоң экскаватор 650 даана жүк ташуучу машина сатып алсак болчудай», – деди ал. 

Ошондой эле депутат Кыргызстанда көмүр кендерине 394 лицензия берилгенин билдирди.

> «Анын ичинен **219** ишкана казуу иштерин баштаган. 219 ишканадан 1 гана ишкана мамлекетке таандык экен. Бул «Кыргызкөмүр» ишканасы болуп эсептелет. 99% лицензиялар жеке ишкерлерге таандык. Андыктан бюджеттик мекемелер кышта көмүр менен камсыздоодо жеке ишкерлерге көз каранды», – деди ал.

 Токторбаев аталган тармакка тийиштүү саясат жүргүзүлбөй жатканын кошумчалап, бир катар мисалдарды келтирди.