> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Оптима Банктын» таза кирешеси өткөн жылы 1.2 млрд сомду түздү
- URL: https://im.kg/all/2022/04/06/optima-banktyn-taza-kireshesi-tk-n-zhyly-1-2-mlrd-somdu-t-zd/
- Published: 2022-04-06T17:26:35.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:42.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Оптима Банк» ААКтын 2021-жылы таза кирешеси 1.2 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.**

Берилген маалыматка таянсак, жылдык жыйында тобокелдиктердин алдын алуу үчүн дивиденддерди төлөп бербөө чечими кабыл алынган.

> «Мыйзамдык жана ченемдик талаптарды аткаруу, бизнести андан ары өнүктүрүү жана сактоо, жогорулаган тобокелдиктерге туруктуулукту жогорулатуу жана финансылык туруктуулукту сактоо максатында 2021-жылга карата таза киреше бөлүштүрүлбөйт, дивиденддер жарыяланбайт жана төлөнбөйт», — деп айтылат билдирүүдө.