> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Терек-Сай кениндеги алтын чыгаруучу фабрика май айында ишке кирет
- URL: https://im.kg/all/2022/04/06/terek-saj-kenindegi-altyn-chygaruuchu-fabrika-maj-ajynda-ishke-kiret/
- Published: 2022-04-06T12:33:36.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:43.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Эти Бакыр Терексай» тоо-кен ишканасынын өкүлү Айзада Мамбеткул кызы Терек-Сай кениндеги алтын чыгаруучу фабрика май айында ишке кирерин [Sputnik](https://sputnik.kg/Radio/) радиосуна курган маегинде билдирди.**

Ал билдиргендей, «Эти Бакыр Терексай» тоо-кен ишканасын түркиялык «Эти Бакыр» компаниясы толук каржылап, жалпы **230 млн доллар** инвестиция салган.

> «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсы 2015-жылы Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп, 2018-жылдан тарта курулуш иштерин жүргүзүп келди. Ушул жылдын май айында алтын кен ишканасы ишин баштоо алдында турат», – деди ал.

Эскерте кетсек, Терек-Сай кени Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай айылында жайгашкан. «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсы – биргелешкен ишкана, **капиталынын 25%ы – «Кыргызалтын» ААКсына**, **75%ы «Эти Бакыр» түркиялык Cengiz Holding конгломератына** тиешелүү. Ишканада 800дөн ашуун кыргызстандык жаран эмгектенет.