> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек шаарынын 2022-жылга бюджети бекитилди
- URL: https://im.kg/all/2022/04/07/bishkek-shaarynyn-2022-zhylga-bjudzheti-bekitildi/
- Published: 2022-04-07T10:05:03.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:42.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкек мэриясы 2022-жылга шаардын бюджетин бекитти. Бул тууралуу шаардык кеңештин маалымат кызматы билдирди.**

> Мэриянын берген маалыматына таянсак, 2022-жылга жергиликтүү бюджет **11.7 млрд сом** деңгээлинде түзүлөт. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 14.3%га көбөйөт. Мэрия муниципалдык активдерди башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууну пландаштырууда, анын эсебинен салыктык эмес кирешелерди 2.2 млрд сомго чейин көбөйтүү пландалууда.

Белгиленгендей, бул сумманын 1.8 млрд сому салыктан, дагы 2 млрд сому Муниципалдык менчикти башкаруудан түшөт.