> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Казакстан 11-апрелден баштап чет элдиктер үчүн жол чек арасын ачат
- URL: https://im.kg/all/2022/04/07/kazakstan-11-aprelden-bashtap-chet-eldikter-ch-n-zhol-chek-arasyn-achat/
- Published: 2022-04-07T09:34:48.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:42.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Казакстан 11-апрелден баштап чет элдиктер үчүн жердеги жол чек арасын ачат. Бул тууралуу [ORDA](https://t.me/orda%5Fkz) порталы билдирди.**

Казакстан Россия, Өзбекстан жана Кыргызстан менен чек арадагы өткөрүү пункттарында чектөөлөрдү алат.

> Ошондой эле мамлекеттик чек арасынан аба аркылуу өтүүгө бардык чектөөлөр да алынып салынат.

Ошол эле учурда, COVID-19 илдетинин терс натыйжасы бар ПЦР-маалымдама каты талап кылынат. Же болбосо коронавируска каршы эмдөөнүн толук курсун аяктаган паспортту көрсөтүүгө болот.