> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Энергетика тармагы локомотив эмес, Кыргызстандын өнүгүүсүнө тормоз болууда – Дүйнөлүк банк
- URL: https://im.kg/all/2022/04/08/energetika-tarmagy-lokomotiv-emes-kyrgyzstandyn-n-g-s-n-tormoz-boluuda-d-jn-l-k-bank/
- Published: 2022-04-08T17:44:00.000Z
- Updated: 2023-05-31T07:15:02.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Энергетика локомотив эмес, Кыргызстандын өнүгүүсүнө тормоз болуп калды. Мындай билдирүүнү бүгүн, 8-апрелде Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия боюнча аймактык директору Татьяна Проскурякова «КРнын энергетика секторун трансформациялоо» форумунда билдирди.**

Ал белгилегендей, КРнын энергетика тармагына реформа жасоо маселеси чындап бышып жетилди. Көптөгөн өлкөлөрдө бул тармак өсүштүн кыймылдаткычы болуп саналат. Кыргызстандын таза энергетика – гидроэнергетика жана күн энергиясы боюнча эбегейсиз потенциалы бар. Ошол эле учурда бул тармак дагы деле көз каранды болуп, анын **карызы 1.5 млрд долларга жетти** (ИДПнын 20%).

> «Бул локомотив эмес, **өнүгүүнүн тормозу**. Бул абалды өзгөртүү керек. Ошол эле учурда энергетика тармагын реформалоо узак процесс экендигин жана Министрлер кабинетинен гана эмес, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдөн жана жеке сектордон да чоң күч-аракетти талап кыларын түшүнүү керек. КРгы ири долбоорлорго жеке сектордун инвестициясы пайдалуу боло тургандай шарттарды түзүү керек. Жол картасы реформа жөн эле фантазия эмес, реалдуу план экендигинен үмүт берет», – деди Дүйнөлүк банктын аймактык директору.

  
Проскурякова ошондой эле Дүйнөлүк банктын энергетика тармагындагы **операциялардын чоң портфели бар экенин** билдирди. «Биз сиздерге өз тажрыйбасы менен бөлүшө турган бардык эксперттерди алып келүүгө даярбыз. Биз ошондой эле жалпы жол картасынын жана реформалар программасынын алкагында **бул тармакты каржылоону көбөйтөбүз**», – деди ал.