> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Евробиримдик  Кыргызстанга бюджетти колдоого жана билим берүүгө 32 млн евро берет
- URL: https://im.kg/all/2022/04/08/evrobirimdik-kyrgyzstanga-bjudzhetti-koldoogo-zhana-bilim-ber-g-32-mln-evro-beret/
- Published: 2022-04-08T12:09:11.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:42.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Евробиримдик Кыргызстанга бюджетти колдоого жана билим берүүгө 32 млн евро берет. 6-апрелде Европа Биримдиги КРда билим берүү тармагына жардам берүүнү улантуу үчүн 32 млн евро өлчөмүндөгү гранттык каржылоо келишимине Финансы министрлиги менен кол койду.**

> Берилген жалпы жардамдын **27 млн евросу бюджеттик колдоого** жана **5 млн евросу** техникалык жардам катары бөлүнгөн. Акыркысы кыргыз өкмөтүнө Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин тажрыйбасын колдонууга мүмкүндүк берген биргелешкен ыкманы колдонууга жардам берет.

Бюджеттик колдоо программасынын 3-фазасы г**ендердик теңчиликти, инклюзивдик** жана **көп тилдүү билим берүүнү**, анын ичинде **ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн билим берүүнү**, ошондой эле шаардык жана айылдык **мектептерде санариптик** жана **медиа көндүмдөрдү интеграциялоону** улантууга багытталган. 

> Программа ошондой эле билим берүү компетенцияларын жана көндүмдөрүн санариптик доордун муктаждыктарына ылайык келтирүүгө жардам берүүнү көздөйт.

Белгилей кетсек, Евробиримдик 2014-2021-жылдары Кыргызстанга **72 млн еврого** жакын каражат бөлгөн.