> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Уюмдар электрондук кол тамганы колдонуу менен салык отчетторун онлайн берүүгө милдеттүү
- URL: https://im.kg/all/2022/04/08/ujumdar-elektronduk-kol-tamgany-koldonuu-menen-salyk-otchettorun-onlajn-ber-g-mildett/
- Published: 2022-04-08T11:38:47.000Z
- Updated: 2023-05-31T07:01:44.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Дыйкан жана фермердик чарбаларды кошпогондо уюмдар 2022-жылдын январынан тартып, салык отчетторун квалификациялуу электрондук кол тамгасы коюлган электрондук документ түрүндө берүүгө милдеттүү.** **Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы (МСК) кабарлайт.**

Ушуга байланыштуу, МСК отчетторду[ Salyk.kg](https://salyk.kg/) сайтынын «жеке кабинети» аркылуу тапшыруу керектигин, жөнөкөй кирүү мүмкүнчүлүгүн (логин жана пароль) колдонуу мүмкүн эместигин билдирет. 

> Отчетторду квалификациялуу электрондук кол тамганы колдонуу менен тапшыруу зарыл.

МСК уюмдарды отчетторду берүү үчүн квалификациялуу электрондук кол тамганы адистештирилген операторлордон (**Инфоком, Dostek, Ubr**) алууга чакырат.

Булуттуу электрондук кол тамганы Бишкек шаарынын, Чүй облусунун Сокулук жана Аламүдүн райондорунун жана Ош шаарынын салык органдарынын бирдиктүү терезелеринен, ошондой эле Бишкек шаары боюнча ишкерлерди тейлөө борборунан (Жибек-Жолу пр., 381, 2-кабат) акысыз алууга болот.