> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бүгүн кыргыз-казак чек арасы ачылды, жүргүнчүлөр өтө башташты
- URL: https://im.kg/all/2022/04/11/b-g-n-kyrgyz-kazak-chek-arasy-achyldy-zh-rg-nch-l-r-t-bashtashty/
- Published: 2022-04-11T13:43:34.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:41.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 11-апрелден тартып кыргыз-казак чек арасындагы чектөөлөр жоюлду. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.**

Маалыматка ылайык, 12-апрелге караган түнү саат 00:00дөн тартып Кыргызстандын жарандары мамлекеттик чек арадан «Ак-Жол унаа жолу» бекети аркылуу өтө башташты.

> Ошондой эле кыргызстандыктар **«Чалдыбар унаа жолу», «Ак-Жол унаа жолу», «Кең-Булуң унаа жолу»** жана **«Токмок унаа жолу»** бекеттери аркылуу өтө алат.

Бош унаалар чек арада жайгашкан **«**Кең-Булуң унаа жолу**»** бекетинен өтө алышат.

Белгилей кетсек, чек арадан өткөн КР жана чет элдик жарандардын жанында акыркы **72 сааттын ичинде** тапшырган **ПЧР тесттин маалымкаты** же болбосо **COVID-19га каршы эмдөөнүн паспорту** болушу керек.

КР УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы кошумчалагандай, Казакстандын көзөмөл-өткөрүү бекеттери аркылуу Россиянын аймагына кирүүгө ниеттенген Кыргызстандын жарандары Россиянын элчилигинен кирүү маселеси боюнча маалыматты тактоосу керек.