> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда эң көп курулуш тармагы көмүскө экономикада иш жүргүзөт – 94%
- URL: https://im.kg/all/2022/04/11/e-k-p-kurulush-tarmagy-k-m-sk-ekonomikada-ish-zh-rg-z-t-94/
- Published: 2022-04-11T11:30:32.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:41.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Эң көп курулуш тармагы көмүскө экономикада иш жүргүзөт. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети тарабынан уюштурулган Пенсиялык системаны реформалоо боюнча [парламенттик угууда](https://www.youtube.com/watch?v=F486FUqBLAg)** **Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева билдирди.** 

Анын айтымында, көпчүлүк жеке ишкерлер кызматкерлеринин, жумушчуларынын санын толук көрсөтпөй, социалдык жана башка салыктык төлөмдөрдү жүргүзбөстөн көмүскө иш алып барат.

> «Натыйжада иштегендер келечекте медициналык тейлөөдөн жана пенсиядан куру калуу коркунучу бар. Алсак, мейманкалардын 88%ы, транспорт-жүктөрдү сактоо тармагындагылардын 81%ы, дүң жана чекене соода жүргүзгөндөрдүн 86%ы, **курулуш тармагындагылардын 94%ы**, айыл чарба тармагындагылардын 78%ы, кайра иштетүү тармагындагылардын 76%ы көмүскөдө же формалдуу эмес иш алып барышат», – деди.