> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Февралга карата Кыргызстанда жумушсуздардын саны 76 миң адамды түздү
- URL: https://im.kg/all/2022/04/11/fevralga-karata-kyrgyzstanda-zhumushsuzdardyn-sany-76-mi-adamdy-t-zd/
- Published: 2022-04-11T12:03:32.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:41.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**КРда иш менен камсыз кылуу кызматына атайын катталган жумушсуз жарандардын саны 2022-жылдын февраль айынын аягына карата 76.5 миңди түздү. Бул тууралуу Евразия экономикалык коммиссиясынын [маалыматында](http://www.eurasiancommission.org/ru/act/integr%5Fi%5Fmakroec/dep%5Fstat/econstat/Documents/Express%5FUnemployment/expressunemp202202.pdf) айтылат.** 

Иш менен камсыз кылуу кызматтарында катталган жумушсуздардын саны 2022-жылдын февраль айынын аягында ЕАЭБ өлкөлөрүндө 984.6 миң адамды, же жумушчу күчүнүн 1.1%ын түзгөн. 

2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жумушсуздук ЕАЭБде 61.6%га кыскарган.

> Жумушсуз жарандардын санынын көптүгү боюнча биринчи орунда Россия (682.8 миң), андан кийин Казакстан (161.9 миң), үчүнчү орунда **Кыргызстан (76.5 миң)** турат. 

Белгилей кетсек, бул өлкөлөрдүн калкынын саны менен түшүндүрүлөт жана бул расмий маалымат.