> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Германиянын өнүктүрүү банкы Кыргызстанга агрофинансылык секторду өнүктүрүүгө 10 млн евро грант берет
- URL: https://im.kg/all/2022/04/11/germaniyanyn-n-kt-r-banky-kyrgyzstanga-agrofinansylyk-sektordu-n-kt-r-g-10-mln-evro-grant-beret/
- Published: 2022-04-11T09:20:30.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:35:51.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Германиянын өнүктүрүү банкы Кыргызстанга агрофинансылык секторду өнүктүрүүгө грант бөлдү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.** 

2022-жылдын 6-апрелинде КР менен Германия өнүктүрүү банкынын (KFW) ортосунда агрофинансылык секторду колдоо үчүн **10 млн евро** өлчөмүндөгү гранттык каржылоо жөнүндө макулдашууга кол коюлган.

> «Аталган «Агрофинансылык кошумча нарк чынжырчасы, 2-фаза» долбоорунун максаты – тандалган коммерциялык банктар аркылуу техниканы жаңылоо жана заманбап технологияларды колдонуу үчүн жергиликтүү валютада узак мөөнөттүү айыл чарба инвестициялык кредиттерин алууга фермерлерге жана ишканаларга көмөк көрсөтүү болот», – деп айтылат билдирүүдө.