> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Казакстан буудай менен унду экспорттоого чектөө киргизди
- URL: https://im.kg/all/2022/04/11/kazakstan-buudaj-menen-undu-eksporttoogo-chekt-kirgizdi/
- Published: 2022-04-11T16:45:13.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:41.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Казакстан өлкөдөн буудай жана унду экспорттоого чектөө киргизди, тагыраак айтсак, бул азыктарга экспорттук квоталар киргизилди. Бул тууралуу Казакстандын Айыл чарба министринин биринчи вице-министри Айдарбек Сапаров билдиргенин [Vlast.kz](https://vlast.kz/novosti/49488-v-msh-prosat-ne-sozdavat-aziotaz-s-mukoj-tak-kak-zerna-dostatocno.html). маалымдады.**

Анын айтымында, 15-апрелден 15-июнга чейин буудай жана унду экспорттоого квота киргизүү чечими кабыл алынган. **Буудайга** берилген квотанын көлөмү **1 млн тонна**, **унга 300 миң тоннаны** түзөт.

> Казакстандын бийлиги ички рынокто азык-түлүк тартыштыгынын алдын алуу үчүн квота киргизип жатканын айтып, өлкөдө жылына 3 млн тоннага жакын ун өндүрүлүп, бирок анын жарымы экспортко чыгарыларын эске салды.

Эске салсак, Кыргызстан буудайдын 57%ын Россиядан, 40%ын Казакстандан [ташып келет](http://localhost/info-portal/novosti/ekonomika/2022/03/14/tret-vazhnyh-produktov-kyrgyzstan-zavozit-iz-rossii-pshenica-sahar-chto-eshhe-mozhem-poteryat/). 

**Кошумча окуңуз:** [Кыргызстандагы дандын запасы 6 айга, Казакстандыкы 2 жылга жетет](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/03/22/kyrgyzstandagy-dandyn-zapasy-6-ajga-kazakstandyky-2-zhylga-zhetet/)