> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Пегасус» авиакомпаниясы «Анталья – Ош –Анталья» аба каттамын ачат
- URL: https://im.kg/all/2022/04/11/pegasus-aviakompaniyasy-antalya-osh-antalya-aba-kattamyn-achat/
- Published: 2022-04-11T10:38:31.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:42.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Түркиянын эки шаарынан Ошко каттамдар ачылат. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.**

Даламан жана Анталья шаарларынан «Ош» эл аралык аэропортуна каттамдарды ачуу пландалып жатат. Авиакаттамдар «Пегасус» авиакомпаниясы тарабынан аткарылмакчы. 

> «Анталья – Ош – Анталья» багыты боюнча аба каттамы 2**\-июндан 29-сентябрга чейин**, **дүйшөмбү** жана **жума** күндөрү уча турганы пландалууда.

«Даламан – Ош – Даламан» багыты боюнча каттамды 4-июндан 27-сентябрга чейин, шаршемби жана ишемби күндөрү аткаруу пландалып жатат.