> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жарасул Абдураимов «Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды
- URL: https://im.kg/all/2022/04/11/zharasul-abduraimov-kyrgyzaltyn-aak-bashkarmalygynyn-t-ragasy-bolup-dajyndaldy/
- Published: 2022-04-11T14:25:09.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:41.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 11-апрелде Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду Министрлер кабинетинин жетекчиси менен макулдашып, Жарасул Абдураимовду «Кыргызалтын» ААК Башкармалыгынын төрагасы кылып дайындады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.** 

Жарасул Абдураимовду «Кыргызалтын» ААКтын жамаатына Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тааныштырды. 

- Ал 1960-жылы Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылында туулган
- Үй-бүлөлүү. Эки кыз, бир уулдун атасы
- 2013-жылдын сентябрынан 2015-жылдын апрелине чейин «Кумтор Голд Компани» ЖАКта эмгектенген
- Экономика өнүгүү жана соода министрлигинин Техникалык жөнгө салуу башкармалыгынын башчысы кызматтарын аркалаган
- 2020-жылдын октябрь айынан 2021-жылдын июль айына чейин КРнын өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалаган.
- 2021-жылдын июль айынан 2022-жылдын январь айына чейин КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары болуп эмгектенген
- Учурда «Кыргызиндустрия» ААКнын жетектеп келет.