> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Альянс Алтын» Кыргызстанга 35 марал сатып алууну каржылайт
- URL: https://im.kg/all/2022/04/12/alyans-altyn-kyrgyzstanga-35-maral-satyp-aluunu-karzhylajt/
- Published: 2022-04-12T13:59:01.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:11.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Альянс Алтын» ЖЧКнын алдындагы «Бакубат Талас» фонду 35 марал сатып алууну каржылайт. Бул үчүн компания 2.5 млн сом бөлгөн.**

Маралдарды Алтай (РФ) Республикасынан алып келип, тоодогу жапайы жаратылышка коё беришет. Акыркы жылдары Кыргызстанда бул жаныбардын санынын азайганы байкалган, аны көбөйтүүгө эми Алтайдан келген маралдар жардам берет.

«Альянс Алтын» компаниясы айлана-чөйрөнү коргоого аяр мамиле кылат жана маралдарды сатып алуу компаниянын бул багыттагы иштеринин бир бөлүгү болуп саналат.

Демилге КР президентинин «2022-жылды Тоо экосистемаларын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын аткаруу, ошондой эле Талас облусу боюнча департаменттин долбоорун колдоо максатында ишке ашырылууда.