> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Энергетика тармагында иштегендердин айлыгы 25%га көтөрүлөт жана эч ким иштен айдалбайт
- URL: https://im.kg/all/2022/04/12/energetika-tarmagynda-ishtegenderdin-ajlygy-25-ga-k-t-r-l-t-zhana-ech-kim-ishten-ajdalbajt/
- Published: 2022-04-12T15:46:16.000Z
- Updated: 2023-05-31T07:14:58.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандын энергокомпанияларынын бириктирилгендигинен улам энергетика тармагынын кызматкерлеринин** **эмгек акысы 25%га көтөрүлөт. Ошол эле учурда кызматкерлерди кыскартуу күтүлбөйт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.**

Министрлик кызматкерлердин эмгек акысын 25%га көтөрүү – тармакта жүргүзүлүп жаткан реформалардын башталышы болгонун белгиледи.

Кыргызстанда энергетикалык компаниялар эки чоң компанияга бириктирилет. Реформанын башынан аягына чейин «Улуттук энергохолдинг» иштей берет.

> Кошумчалай кетсек, компаниялар бириккени менен бир дагы кызматкер жумушсуз калбайт. Ишканаларды реформалоо **1 млрд сомго чейин үнөмдөөгө** жардам берет. Быйыл электр энергиясына болгон тариф саясаты өзгөрбөй турганын да Энергетика министрлиги кошумчалады.