> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Казак теңгесинин курсу Казакстанга экспорттогон жактар менен комбанктардын ортосунда эркин аныкталат
- URL: https://im.kg/all/2022/04/12/kazak-te-gesinin-kursu-kazakstanga-eksporttogon-zhaktar-menen-kombanktardyn-ortosunda-erkin-anyktalat/
- Published: 2022-04-12T14:27:40.000Z
- Updated: 2023-05-31T04:30:05.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Улуттук банк «КРнын коммерциялык банктарынын, алмашуу бюролорунун, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларынын казак теңгеси менен операцияларды жүргүзүүсү боюнча убактылуу тартип жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.** 

Бул токтомго ылайык, казак теңгесинин сатып алуу курсун белгилөө боюнча талаптар (70%дан ашпаган өлчөмдө салмактанып алынган тобокелдик коэффициентин колдонуу) экспорттоо контрактарынын негизинде Казакстандын аймагына товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоо менен алектенген жактардан нак эмес казак теңгесин сатып алуу боюнча **КРнын коммерциялык банктарынын операцияларына жайылтылбайт**. 

> Казак теңгесинин сомго карата алмашуу курсу **экспорттоо контрактарынын негизинде Казакстандын аймагына товарларды, жумуштарды** жана **кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоо** **менен алектенген жактар менен коммерциялык банктар ортосунда эркин аныкталат** (келишимдин негизинде).