> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Кыргыз Темир жолу» ишканасынын директору 1.5 млрд сом киреше кайдан түшкөнүн айтты
- URL: https://im.kg/all/2022/04/12/kyrgyz-temir-zholu-ishkanasynyn-direktoru-1-5-mlrd-kireshe-kajdan-t-shk-n-n-ajtty/
- Published: 2022-04-12T11:44:05.000Z
- Updated: 2023-05-30T06:42:37.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 12-апрелде Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин [жыйынында](https://www.youtube.com/watch?v=j3VTnf1syQA) «Кыргыз Темир жолу» МИнин директору Азамат Сакиев өткөн жылда алынган 1.5 млрд сом киршененин кайдан түшкөнүн ачыктады.**

Жыйында депутат Улугбек Ормонов пандемиянын таасири кете электе, чектөөлөр толугу менен алынбай турган кезде ишкана 2021-жылы кандай ыкма менен мындай киреше тапканына кызыкты. 

Сакиев бул каражат негизинен жүк ташуудан түшкөнүн айтып, жүргүнчүлөрдү ташууда ишкана тескерисинче чыгымга учурай тургандыгын билдирди.

> «Ачыгын айтканда, **негизги киреше жүк акысынан** түшкөн. Жыл сайын 300-400 млн сом жүргүнчүлөрдү ташуудан чыгашага учурайбыз. Ковидге байланыштуу жүргүнчүлөрдү ташуу солгундай түшкөн, бул ишкананын ишмердигине оң таасирин тийгизди. Ал эми вагондордо жүк келет, алар декларация тапшырышат», – деген Сакиев бардык станцияларга коюлган ККМ адам факторун азайткандыктан, коррупциялык тобокелдиктер жоголо баштаганын кошумчалады.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча «Кыргыз Темир жолу» МИ **1.6 млрд сом** киреше алганы маалым болгон эле.