> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда долбоордун идеясынан тартып, продукцияны рынокко чыгарууга чейин колдоо көрсөткөн Евразиялык технопарк түзүлөт
- URL: https://im.kg/all/2022/04/12/kyrgyzstanda-dolboordun-ideyasynan-tartyp-produkciyany-rynokko-chygaruuga-chejin-koldoo-k-rs-tk-n-evraziyalyk-tehnopark-t-z-l-t/
- Published: 2022-04-12T10:10:49.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:27:16.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Кыргызстан Эл аралык университети» академиялык консорциумунун базасында «Ала-Тоо» Евразиялык технопаркын түзүү каралууда. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын алдындагы Илимий-техникалык кеңештин жыйынында айтылды.**

> Министрлер кабинетинин төрагасынын Туруктуу өнүктүрүү боюнча кеңешчиси-Атайын өкүлү – КРнын президентинин Аппаратынын жетекчиси Асылбек Айдаралиевдин айтымында, технопарк резидент-компанияларга долбоордун идеясынан тартып, продукцияны даярдап, рынокко чыгарууга чейин бардык этаптарда колдоо көрсөтөт.

Уюштуруучулар бул технопарк ЕАЭБ өлкөлөрүнүн илимпоздорунун жана ойлоп табуучуларынын инновацияларын жана илимий-техникалык жетишкендиктерин агроөнөр жай, рекреациялык жана спорттук, отун-энергетикалык тармактарда жана спутниктик технологияларда илгерилетүү жана ишке ашырууну камсыздай тургандыгын билдиришти.

> Технопаркты Россиянын, Армениянын, Казакстандын, Беларустун жана Кыргызстандын иштеп жаткан технопарктары түзөт.

Бизнеске кооперативдик байланыштарды түзүүгө жардам берүү үчүн ЕЭКтин Интеграция жана макроэкономика министри Сергей Глазьев Кыргызстанда 26-27-майда өтө турган Евразиялык экономикалык форумдун алкагында конференция өткөрүүнү сунуштады.