> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Майдын башынан Россияга жүргүнчүлөрдү ташыган темир жол каттамы жанданат – Самара, Новосибирск, Казань
- URL: https://im.kg/all/2022/04/12/majdyn-bashynan-rossiyaga-zh-rg-nch-l-rd-tashygan-temir-zhol-kattamy-zhandanat-samara-novosibirsk-kazan/
- Published: 2022-04-12T12:10:50.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:37:46.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Ушул жылдын апрель айынын аягынан же майдын башынан тартып, Россияга жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча темир жол каттамы ачылат. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин [жыйынында](https://www.youtube.com/watch?v=j3VTnf1syQA) «Кыргыз Темир жолу» МИнин директору Азамат Сакиев** **билдирди**.

Анын айтымында, эл аралык жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча Казакстан, Россия темир жолдору менен сүйлөшүүлөр тынбай жүрүп жатат. 

> «Казакстан уруксат берди, бирок Россиядагы негизги штаб уруксат бербей жатат. 5-апрелде биздин кызматкерлер жүргүнчүлөрдү ташуу маселеси боюнча Москвага барып келишти. Бирок Москванын темир жол айланма жолун ремонт кылып жатышат экен, андыктан **Бишкектен Самара, Казань, Новосибирскке чейинки жолду уруксат берип жатышат**», – деди ал. 

Ошондой эле «Кыргыз Темир жолу» МИнин директору **Бишкек – Москва каттамы 2023-жылга чейин болбой турганын** билдирди.