> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Россиянын Украинага чабуулунан улам 2022-жылы КРнын экономикасынын начарлоосу болжолдонууда – Дүйнөлүк банк
- URL: https://im.kg/all/2022/04/12/rossiyanyn-ukrainaga-chabuulunan-ulam-2022-zhyly-krnyn-ekonomikasynyn-nacharloosu-bolzholdonuuda-d-jn-l-k-bank/
- Published: 2022-04-12T16:27:00.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:13:37.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Россиянын Украинага чабуулу Кыргызстан 2021-жылы ИДП 3.6%ды түзүп, COVID-19 пандемиясынан араң өзүнө келип жаткан экономикасына терс таасир этүүдө. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын отчетунда айтылат.**

Белгиленгендей, учурда **экономика 2022-жылы 5%га кыскарышы** мүмкүн, ал эми **инфляция 15%дан ашуусу** ыктымал.

> «Бул бюджеттик системага жана карызды башкарууга олуттуу көйгөй жаратат жана ошондой эле көбүрөөк адамдарды жакырчылыкка түртөт», – деп айтылат отчетто.

Дүйнөлүк банктын эксперттери күчтүү жана туруктуу өсүш жеке сектордун кеңейүүсүн, эл аралык сооданы жана жагымдуу макроэкономикалык шарттарды талап кыларын белгилешет.

> «Бирок, ири инфраструктуралык ажырым, мыйзамдуулуктун жана башкаруунун алсыздыгы, начар бизнес чөйрөсү, түйшүктүү эрежелер жана энергетика тармагындагы туруксуз саясат өсүүгө тоскоол болууда», – деп айтылат маалыматта. 

COVID-19 пандемиясы 2019-жылы 9.7%, 2020-жылы 16.2% жакырчылыктын өсүшүнө алып келген.

> «2021-жылга карата баалай турган болсок, азык-түлүктүн кымбатташына жана жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүнүн кыскарышынан улам, кырдаал дагы бир аз начарлайт деп болжолдонууда», – дейт Дүйнөлүк банк.